www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинде Мирбек Мамбеталиевди маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов талапкер тууралуу маалымат берди. Сунушту президент Садыр Жапаров киргизген.

Жыйынтыгында комитет Жогорку Кеңешке Мирбек Мамбеталиевди маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри кызматына дайындоого макулдук берүүнү сунуштады.

Мирбек Мамбеталиев маданият министринин милдетин аткаруучу болуп 21-февралда дайындалган. Буга чейин аталган кызматты Алтынбек Максүтов ээлеп келген.

Последние новости