www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Fox News телеканалына берген маегинде Украинадагы согуш алдыдагы бир нече жуманын ичинде токтошу мүмкүн экенине үмүттөнөрүн билдирди.

Аны АКШнын президенти Дональд Трамптын «Украинадагы согуш бир нече жумада аякташы мүмкүн» деген ишенимин колдойбу деп сурашканда, Макрон: «Мен буга үмүттөнөм», – деп жооп берди. Ал ошондой эле «президент Трамптын бийликке келиши бурулуш учуру болду» деп кошумчалады. «Биз тез аракеттенишибиз керек, бирок алгач ок атышууну токтотуу керек, аны көзөмөлдөө жана текшерүү мүмкүн болушу шарт», – деди ал.

Франциянын президенти алып баруучунун «Сиз ок атышууну токтотууну сунуштап жатасызбы?» деген тактоочу суроосуна «ооба» деп жооп берди.

«Менимче, жок дегенде убактылуу ок атышууну камсыздап, андан соң туруктуу тынчтыкты талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүү зарыл. Бирок бизге Украина, Европа жана анын коопсуздугу, ошондой эле АКШ үчүн олуттуу чечимдер керек <...>. Алгач ок атышууну токтотуу маанилүү. Менимче, муну алдыдагы жума ичинде ишке ашырса болот», – деп жыйынтыктады Макрон.

Последние новости