www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 25-февралда Жогорку сотто Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун жетекчиси, журналист Махабат Тажибек кызынын жана “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун иши каралды.
Адвокаттар соттук коллегиядан айыпталгандарга чыккан сот чечими адилетсиз болуп калганын айтып, актоо чечимин сурады.
Кеңешүү бөлмөсүнөн чыккан соттук коллегия жактоочулар жазган кассациялык даттанууларды канааттандырган жок. Тагыраагы буга чейинки чыккан сот чечимдери күчүндө катырылды.
Ал эми Азамат Ишенбековдун жактоочусу Нурсултан Жаныбековдун айтымында, соттун токтомун алган соң гана мындан аркы кадамдар, аракеттер тууралуу сөз болмокчу.
Эске салсак, Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Бишкек шаардык соту 18-декабрда ошол өкүмдү күчүндө калтырган. Андан тышкары журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы да күчүндө калган.
Алар менен кошо айып тагылган жети журналист аракетинде кылмыш курамы жок деген негизде акталган.
Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген, жетектеген жана кызматташкан 11 журналист жана активист былтыр январь айында кармалган. Аларга “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.