www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар Жогорку Кеңешке ишмердүүлүгү же кайсыл бир иш боюнча маалымат бергени келген Өкмөт мүчөлөрүн тоту куштай эле элестетесиң. Бул көрүнүштү ЖК жыйына көз салып, кулак түргөндүн баары эле байкаса керек. Алсак бүгүн 4-майда, өкмөт Өзгөндөгү Аюу айылында болуп өткөн табият кырсыгы тууралуу маалымат берүүдө. Адаттагыдай суроо-жооп орун алып анда “ӨКМ кырсык болорун 2-3 күн мурун билип аталган аймактын тургундарына эскертүү берген соң, аларды көчүрүп кеткен эмес” деген суроо кабыргасынан коюлду. Өкмөт өкүлдөрү маселе боюнча жергиликтүү бийлик өз убагында чара көргөнүн, бирок жашоочулар эскертүүгө көнбөй, көчүүдөн баш тартканын жана мажбурлап көчүрүүгө да укуктары чектелүү экенин айтып жакшынакай түшүндүрүп беришти. Бирок биринин артынан бири сөз алган депутаттар ушул эле суроону кайталап жатышканы кандай? Арасында мамлекеттик же расмий тилди түшүнбөгөндөрү болсо мейли эле. Бир сөзүн жүз кайталаган өкмөттөгү байкуштар өзүлөрү тоту куштай эле сезишеби билбейм, бирок түз эфирди көрүп отурган жарандарга ошондой эле таасир калтырат. анан келип убакыт жетпей калганда мен сүйлөбөй калдым деп арманын айтышат, талашат, ал гана эмес муштум түйүп кабактарын чытышат. Муну менен айткым келгени эл өкүлдөрү бир суроону кайталай бербей, убакытты туура пайдаланышса деген ой. Себеби, коомдогу толгон-токой башка маселелер ЖоКенин улуу трибунасынан айтылбай калууда.

Булак: "egemen.kg"

Последние новости