www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2022-жылы Тышкы иштер министрлиги дипломаттык паспорттору бар жактардын тизмесине карата анализ жасап, андан бир нече кызматкерди чыгарган. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин отурумунда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев айтты.
Анын айтымында, дипломатиялык паспортторго Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери, дипломаттар, Президенттик администрациянын жетектөөчү органдарынын кызматкерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары, судьялар жана Минкабдын өкүлдөрү ээлик кылат. Ал эми министрлердин орун басарлары, ведомство жетекчилери кызматтык паспорт колдонушат. Мындай паспортко ээлик кылгандардын жалпы саны болжол менен миңден ашат.