www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1-февралдан 7-февралга чейин Кыргызстанда ракка каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата онкологиялык оорулар тууралуу маалымдоо жумалыгы башталат. Анын алкагында кампания уюштурулуп жатат.
Анда аялдар гинекологдордун жана маммологдордун акысыз консультациясын ала алышат. Скрининг жана консультациялар саат 09:00дөн 13:00гө чейин өтөт.
Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлору (ҮМБ):
ҮМБ №1: Фучика көч., 15
ҮМБ №2: 3-линия көч., 25
ҮМБ №3: Логвиненко көч., 30
ҮМБ №4: Чүй проспекти, 40
ҮМБ №5: Кольбаев көч., 42
ҮМБ №6: Ж. Пудовкин көч., 75
ҮМБ №10: Свободная көч., 9
Студенттик поликлиника: Рыскулов көч., 8
Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында Репродукция борборлорунда өтөт.
4-февралда Бүткүл дүйнөлүк ракка каршы күрөшүү күнү. Аялдарды үзгүлтүксүз скринингден өтүүсү рак илдетинин алдын алууда жана ийгиликтүү дарылоодо чечүүчү роль ойнойт.
Кампаниянын басымы жатын моюнчасынын жана сүт безинин рагынын алдын алуу жана алар тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга коюлат. Бул эки рак түрү аялдар арасында эң кеңири таралган, бирок өз убагында алдын алса, дарылоого мүмкүн болгон оорулардын катарына кирет.