www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Жогорку Кеңеш каникулдан кийин өз ишин баштады. Жыйын оркестрдин коштоосунда, жанду үн менен аткарылган гимндин шаңы менен ачылды. Андан соң спикер Дастан Жумабеков депутаттарды Кыргызстандын Эгемендик күнү жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышы менен куттуктады. Андан ары спикер кесиптештерин Көчмөндөр оюндарына активдүү катышып берүүнү суранып, коё берди.
Зал толо кыйма-чийме бири-бирин куттукташып, саламдашып жаткан депутаттардын арасынан Канат Исаев отурат. Ал буга чейин Токмок шаарынын мэри болуп турганда муниципалдык базар менен автобекетти жеке колго мыйзамсыз берип жиберген деген айып менен “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кийин, 2017-жылы президенттик шайлоо маалында “бийликти күч менен басып алуу аракеттерин көргөндүгү” боюнча айыпталып, камакка алынган. Быйыл июнь айынын аягында биринчи иш боюнча кылмыш иши кыскартылып, үй камагына чыккан.
Булак: NazarNews.kg