www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламент бүгүн, 29-июндагы жыйынында “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү” мыйзам долбоорун экинчи окууда карап жатат. Демилгечилердин бири, депутат Марлен Маматалиев эл өкүлдөрүнүн мандатын чакыртып алуунун жол-жобосу таттаалдаштырылганын билдирди.

Маматалиевдин айтымында, мандаттан ажыратуу үчүн бир мандаттуу округдан 50 миң, партиялык тизме 70 миңдей шайлоочусунун колу болушу керек.

“Мандатты эл бергендей кийин эл чечет. Депутаттын позициясына карап мандаты чечилип калбашы керек. Бир мандаттууларга өзүнүн округундагы шайлоочулардын 50% колу керек. Ал шайлоочулар ошол округда бир жылдай жашашы шарт.

Бир күндө кол койгон кишилерди бир аймакка каттатып алышы мүмкүн. Уюштуруучу топ Юстиция министрлигине билдирүү калтырышы шарт. Бир мандаттуу округдан 50 миңден ашык кишинин кол топтолуп, Жогорку Кеңешке келет.

Парламентте комиссия түзүлүп, жалпы жыйында чечим кабыл алынат. Ал эми партия боюнча келген депутаттын мандатын алуу үчүн өлкө аймагындагы 70 миңдей кол чогултулат. Жогорку Кеңешке келгенге чейин партия дагы чечимин чыгарат”, - деди Маматалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости