www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Ата Мекен” фракциясынын депутаты, мурдагы юстиция министри жана экс-башкы прокурор Аида Салянова өзүнө чыккан сот өкүмдөрү тууралуу бүгүн парламентте билдирүү жасады. Ал кылмыш иши негизсиз козголгонун айтып, судьялар "укуктук эмес, саясий чечим чыгарды" деп билдирди.
Сот чечими Борбордук шайлоо комиссиясын Салянованы депутаттык мандатынан ажыратууга милдеттендирет. БШК депутаттын ыйгарым укуктарын токтотуу маселеси жакынкы убактарда караларын маалымдады.
Салянованын айрым кесиптештери кандай гана болбосун сот чечимин аткарууга чакырып, аны саясатташтырууга каршы.
“Калп айтуу бүгүн Кыргызстанда расмий идеология болуп калды" деди бүгүн парламентте сүйлөп жатып “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова. Ал муну мамлекеттик илдет деп атап, өзүнө карата чыккан сот өкүмү мыйзамсыз экенин, коррупцияга каршы күрөш натыйжа бербегенин, себеби айып койгон адамдар өздөрү таза эмес деген маанидеги көз карашын билдирди.
Депутаттын белгилешинче, “саясий оппоненттер менен күрөшүүдө калп бийликтин негизги куралы” болууда, ошондуктан “калпты жакшы өздөштүргөндөргө мамлекеттик сыйлык берип эмес, алар менен адам саламдашкыс кылуу керек":
Салянова депутаттарга “өзүм үчүн эмес, жалпы укук системасынын келечеги үчүн сот жана тартип коргоо органдары тарабынан мыйзам талаптары аткарылышын көзөмөлдөөнү өтүнөм. Бул көзөмөл парламенттин колунда” деп кайрылды.
Булак: NazarNews.kg