www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү улантылат. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта республикалык штаб билдирди.

Маалыматка караганда, картада көрсөтүлгөн төрт бурчтукта автоунаалардын жүрүшүнө тыюу салынат.

Жөө жүрүүчүлөр дезинфекциялоо иштери жүрүп жаткан аймактан маршруттук баракчасы, медициналык документтери, ошондой эле, өздүгүн тактаган документтери болгон шартта жүрсө болот.

Республикалык штаб Бишкек карантиндик зона болгондуктан, дезинфекциялоо иштери анын бардык райондорунда жүргүзүлөрүн эскертет.

"Карантиндик тилкелер бара-бара башка тилкелерге алмашылат", - дейт Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.

Ал эми дезинфекциялоочу каражаттардын зыяндуулугу жөнүндө тиешелүү кызматтар: “Бишкектин шаарынын көчөлөрүн дезинфекциялоодо хлор колдонулуп жатат. Анын адамдарга, жаратылышка жана жаныбарларга эч кандай зыяны жок”,-деп маалымат беришти. Алардын айтымында өлкө аймагында 10 пайыздык хлор пайдаланылып жатат.

Эске сала кетсек, буга чейин дезинфекциялоо иштеринен кийин Казакстанда чымчыктар өлүп жаткандыгы боюнча кабар тараган.

Ал эми Иранда COVID-19га каршы чара көрүүлөрдүн алкагында Чахармахал-Бахтияри провинциясында жабык аянтты дезинфекциялоо учурунда 3 киши ууланып каза болгон.

Мындан сырткары, Иранда коронавирустан сактайт деп спирттик ичкиликтен уулангандардын саны 1 000 (миңден) ашып, каза тапкандардын саны 219га жеткен. Иранда коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны 27 017ге жетип, 2 077 адам каза болду. Ал эми оорудан 10 миңге жакын адам айыгып кеткен.  Булак: NazarNews.kg

Последние новости