www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Акыркы жылдары республикада коомдо диний радикалдашуунун жанданышы жаштардын чет өлкөгө барып жана диний билим алууга умтулуусу менен байланышкан. Негизинен жаштар Сауд Арабиясына, Египет, Түркия, Пакистан, Афганистан, Индия жана Иран өлкөлөрүндөгү диний окуу жайларына билим алганы кетип жатышат. Өзгөчө диний билим алуу үчүн 9-14 жаштагы жашы жете элек өспүрүмдөрдүн диний билим алуу үчүн кетип жатканы тынчсызданууну жаратат. Ошону менен бирге эле, чет өлкөгө кетип жаткан жаш адамдар тууралуу мамлекеттин тиешелүү маалыматынын жана көзөмөлүнүн жоктугу өлкөнүн улуттук коопсуздугуна терс таасирин тийгизет.

Мындай маселе Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында каралды. КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору З. Эргешов маалымат берди.

  • Кыргыз мамлекетинин коопсуздугунун бирден бир факторун түзгөн диний билим алуу менен байланышкан маселени жөнгө салууда мыйзам долбоорунунун 6-беренесинде каралган диний билим берүү системасын ирээтке келтирүү максатында өзгөртүүлөр киргизилди. Эми диний билим берүү милдеттүү түрдө лицензиялоонун негизинде жүргүзүлөт жана тиешелүү түрдө жалпы билим берүү дисциплиналары каралган диний билим берүү программалары мыйзамга каршы келүүчү радикалдык көз караштар жана чакырыктар жок экендиги тастыкталгандан кийин дин иштери боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылат. Ошондой эле, өлкөдөн сырткары билим алуу өлкө ичинде жалпы орто билим алгандан кийин же негизги жалпы же болбосо диний билим алгандан кийин гана дин иштери боюнча мамлекеттик органга билдирүү менен кетүү каралган",- дейт Эргешов.

Эргешовдун баяндамасынан кийин талкуу болуп, ар кыл пикирлер айтылды. Депутат Рыскелди Момбеков катуу сынга алды. Ал Өкмөт диний маалыматтарды элге так түшүндүрүү иштеринде алсыздык кылып жаткандыгын айтты. Депутат Тазабек Икрамов мыйзам чийки экендигин айтып, мыйзам долбоорун артка кайтаруу сунушун берди. Ал эми депутат Алмазбек Токторов дагы мыйзам долбоорунун кайрадан иштелип чыгышын айтып, ошол эле мезгилде даваатка тыюу салына турган болсо анын ордун толуктай турган кандай багыттар бар экендигине кызыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости