www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дин саясаттан сырткары болуш керек

Учурда өлкө жетекчилеринин мурдунун учунан алысты көрбөгөн тайкылыгынан улам, барган сайын дин менен саясат камыр-жумур болуп жуурулушуп баратат. Дин ишмерлерине болгон өзгөчө мамиле орун алып, алардын мамлекеттик иш-чараларда сөз сүйлөгөнү көбөйдү. Өлкө жетекчилери динди бекем туткан жарандардын шайлоодо добушун алыш үчүн көңүлүн алууну көздөшүп, динди ашкере саясатташтырып жатышат.

Мына 2015-жылкы парламенттик шайлоодо партия лидерлери атагынан чатагы көп Чубак ажынын колдоочулары көп деген арам ой менен тизмеге киргизүүгө аракет көрүштү. Эгер ошол кездеги бийлик эгеси тизгиндерин тартып койбогондо Чубак ажы парламентте шариат айтып, даават жүргүзүп турмак. Негизи эле Чубак ажынын дээринен саясатка жөндөмү бар экен, чү дегенде эле далай саясатчыны сызга отургузду. Алсак, абакта (азыр ооруканада) жаткан Текебаевдин “Ата Мекен” социалисттик партиясын колдоп чыгаарын айтты. Ошондо эле, дин менен саясатты аралаштырбагыла деген маселе кабыргасынан коюлду.

Бирок Чубак ажы кулак салган жок. Кантсе да Текебаевдин батышка ыктаган жайы бар эмеспи, Чубак ажы экөөнүн көз карашы бир жерден чыкпай, Чубак ажы «жылан чакпай, жылкы теплей туруп» эле “Аю” деген арак менен ааламга таанылган Абдыкеримовдун жаңыдан жөрмөлөп (ошол кезде) бутуна тура элек “Кыргызстан” партиясын жарнамалап эле жатып калса болобу. Ажыке бул кандай, бир партиядан экинчи партияга өтүп кеткениңиз десе, уялбай туруп «Бул партиянын ыймандуу Кыргызстан программасы» – жакты деп оозду ачырган. Алдан көп өтпөй айтылуу шоопур негиздеген “Мекеним Кыргызстан” партиясын колдоп-коштоорун айтып оозду ачырган.

Бул муфтияттын, ажыкелердин саясатка аралашып баштаган алгачкы кадамдары эле. Мына учурда кайсы жерде мамлекеттик иш-чара болбосун башкы муфтий Максат ажынын жүргөнүн көрөбүз. Мисалга кечээ жакында эле көк бөрү боюнча президенттин кубогу болуп өттү. Бул турнирдин майрамдык кубок тапшыруу аземинде президенттин аппарат башчысы, Жогорку Кеңештин спикери, шаар мэри жана муфтий жүрөт. Эмне кылып жүрөт? Кандай тиешеси бар? Сураган киши жок. Анда муфтиятты деле бийликтин бир бутагы кылып албайлыбы?

Булак: "Фабула"

Последние новости