www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Брянск шаарындагы «Динамо» клубунда ойноо үчүн Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Бахтияр Дүйшөбеков көрсөтүлүүдө.

«Match TV» билдиргендей, жайында «Динамо» клубу Кыргызстандын футболчусуна кызыгуусун билдирген.

«Андан кийин ал келишим боюнча Бангладештин «Башундара Кингз» клубунда ойноп, эми Кыргызстанга кайтып келип, эркин агент статусуна ээ болду. Брянск шаарында ал кышкы трансфердик терезеде командасын чыңдай алат», — деп айтылат билдирүүдө.

25 жаштагы Дүйшөбеков Кыргызстандын курама командасында 29 беттеш өткөрүп, 2019-жылдагы Азия Кубогунун катышуучусу болгон.

«Динамо» Орусия Чемпионатынын Улуттук Лигасында ойнойт жана 23 турдун жыйынтыгы боюнча 22 команданын арасында 16-орунду ээлейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости