www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстан” саясий партиясы КРнын Жогорку Соту аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу чечимине каршы ниеттенүүдө деген пикирин Укук коргоочу Динара Ошурахунова билдирди

Анын айтымында, Бишкек административдик сотуна БШКнын шайлоону жараксыз деп тапкан чечимине нааразычылык билдирилген. Ошурахунованын айтымында, Административдик сот арыз берүүнүн бардык мөөнөттөрү өтүп кетти деген жүйө менен аны кароодон баш тарткан. Ошурахунова “Кыргызстан” партиясы Жогорку Сотко кайрылгандыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, Жогорку Соттон журналисттерге кабарлагандай, 2020-жылдын 15-октябрында эртең менен, биринчи инстанциядагы соттук актыларга карата шайлоо талаштары боюнча жогорку сот органынын өндүрүшүндө кассациялык даттануулар жок.

Эске салсак, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки саясий окуяларга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан документке кол койгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости