www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы кездеги мекенибизде болуп жаткан каатчылыктан улам Садыр Жапаров алдыга чыгып өкмөт башчысын 2 айлык мөөнөткө ээлеген. Мындай кырдаалды туура түшүнгөн Алмаз Атамбаевдин “соратниги”, аны президент болуш үчүн шымааланып киришкен, ошол үчүн Экономика министрилигин менчиктеп алып, өкмөт башчысына чейин көтөрүлүп, кыргыз бизнесинин кызыкчылыгын Кытай мамлекетине сатканы үчүн шек шыбаасы билинип калып, премьер-министрликтен кол жууган “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев Садыр Жапаровдон өз кызматташуусунун акысына кан досу Алымкадыр Бейшеналиевге Саламаттыкты сактоо министри кызматын сураган.

Бийликти басып алуу үчүн канын да, жанын да аябай 2017-жылдын октябрында өзүн тебелеп-тепсеген Атамбаевге кол куушуруп барып, колтугундагы котур ташын чыгарган, “Республика” партиясынын кожоюну Өмүрбек Бабанов мындан ары анын партиясы Жапаровду колдоп, кызматташарын убада кылып, акысына кан досу Руслан Казакбаевге Тышкы иштер министри кызматын сурап алган.

“Чоң казат” партиясынын лидери Сыймык Жапыкеев кан досу Максат Мамыткановго өкмөттүн вице-премьери кызматын олжолоп алган. Бүгүн өкмөт үйүнүн алдындагы Жапаровдун тарапкерлеринин митингинде Сыймык Жапыкеев жалындуу сөздөрдү сүйлөп турду.

“Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кылмыш ишинен сот тарабынан толук акталуусун жана саясатка кайтып келүү шарты менен Садыр Жапаровду колдоого макул болушкан. Парламенттин жыйынына “Ата-Мекен” партиясы дээрлик толугу менен жана Жапаровду активдүү колдоо менен катышышты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости