www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сентябрь айында Кыргызстандын алтын валюталык резерви 76,6 миллион долларга азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында айтылат.

Эске салсак, август айынын соңунда резервдин көлөмү биринчи жолу үч миллиард (3 миллиард 71,2 миллион) доллардан ашкан болчу. Бир айдан кийин ал 2 миллиард 994,6 миллион доллар болду. Бул тарыхта экинчи жогорку көрсөткүч деп саналууда.

Сомдун курсунун туруктуулугун камсыздоо үчүн Улуттук банк сентябрь айында 65,4 миллион доллар каражат сарптаган.

Белгилей кетсек, Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерв жана төлөө каражаттары) сыяктуу ондогон валютасынан жана алтындан турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости