www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана Кыргыз Республикасына жана анын чегинен сыртка жеткирүү боюнча кызматты сатып алуу конкурсуна табыштамаларды кабыл алуу мөөнөтү 2020-жылдын 26-октябрында саат 15:00гө чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссия мындай чечимди конкурска катышуу үчүн керектүү документтерди тапшырууга үлгүрбөй жаткан бир катар компаниялардын кайрылууларына байланыштуу кабыл алган. Атап айтканда, коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдөн, анын ичинде эл аралык почтанын жеткирүү кызматынын кечиктирилишинен улам болууда.
Эске салсак, Мамлекеттик салык кызматы 23-сентябрда алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана Кыргыз Республикасына жана анын чегинен сыртка жеткирүү боюнча кызматты сатып алууга конкурс жарыялаган.
Конкурс мамлекеттик электрондук сатып алуулардын бир этаптуу эки пакеттүү ыкмасы менен өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, конкурска катышууга карата табыштамалар 2020-жылдын 26-октябрында саат 15.00гө чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар порталында кабыл алынат.
Кошумча маалыматты мамлекеттик сатып алуулар www.zakupki.gov.kg сайтынан жана Бишкек ш., Чүй проспекти, 219, № 73 каб., тел.: (0312) 61-46-57; 61-18-12 аркылуу алууга болот.
Булак: NazarNews.kg