www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдөгү узакка созулган оор кризистин жана элдин шайлоонун жыйынтыгына болгон нааразычылыктын негизги себеби колдонуудагы элге каршы Конституция, элге жана ал Конституцияга каршы келген шайлоо мыйзамы болуп саналат.
Олигархтар Конституция менен элди мамлекеттик бийликтин булагы катары гана шайлоолордо пайдаланып, бирок аны ошол бийликтин ээси болуу табийгый укугун жок кылып, эл алдында жоопкерсиз олигархтык-партиялык башкарууну орнотушкан.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо мыйзамына Конституцияга дал келбеген партиялык тизме менен «дүңүнөн» шайлоо, 5 млн сом өлчөмүндө кепилдик салым, 7% шайлоо босогосу жана шайлоочуларды жер котортуп, массалык түрдө сатып алуу мүмкүнчүлүгүн жараткан №2-форма киргизилип, карапайым элдин шайлануу жана татыктуу талапкерлерди жеке тандоо мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылган. Депутаттарды шайлоодо идеялардын күрөшү жана талапкерлердин татыктуулук критерийи эмес, акчанын күчү жана талапкерлердин тизмесине кирүү жана анда алдыңкы орунда болуш үчүн партия лидери менен «жакшы» болуу роль ойноп калган.
Айрым саясатчылардын шайлоо мыйзамында кепилдик салымды азайтуу, шайлоо босогосун бир аз төмөндөтүү жана №2-форманы «жакшыртуулар» түпкүлүктүү натыйжа бербейт. Партиялардын элди бөлүп жарышы, депутаттардын партиялык тизме менен «дүңүнөн» шайланышы, алардын жоопкерсиздиги жана аларды артка чакыртып алуу мүмкүн эместиги сакталып кала берет.
Ошондуктан, бир келген тарыхый мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып, чыдап жана сабыр кылып, өлкөнү учурдагы оор кризистен чыгаруу менен бирге, биротоло элди мамлекеттик бийликтин булагы гана эмес, анын ээси болуусун, адилеттүү жана күчтүү мамлекеттик башкаруу моделин түзүүнү, элдин ынтымагын, эл менен бийликтин биримдигин, мамлекеттүүлүктүн бекемделишин, өлкөнүн өсүп-өнүгүүсүн жана элдин бакубат жашоосун камсыздоо үчүн колдонуудагы Конституцияны жана шайлоо мыйзамын эч кандай өзгөртүп отурбай эле аларды толугу менен алмаштыруу зарыл.
Бул маселени канчалык кыйынчылык болбосун жарым жартылай эмес толугу менен, орто жолдон эмес башынан таза ак барактан баштап чечип, коррупциялашкан олигархтык-партиялык системаны түбүнө чейин талкалап, чыныгы элдик бийликтин диктатурасын орнотуу зарыл. Эл туура түшүнөт, күтөт жана колдоо көрсөтөт.
Айрымдардын Президент жана Жогорку Кеңеш легитимдүү, алар кетсе эле тополоң болот деген билдирүүлөрү суу кечпейт. Тескерисинче, алар калса реформага бөгөт эле болушат жана алардын калганга моралдык укугу да жок. Алар элдин кыжырын келтирип нааразычылыгын жаратат. Кетип калышса эл тынчып, стабилдүүлүк орнойт. Буга элдин кечээгиде саясий маданияттуулукту көргөзгөнү далил. Акырында, биз башка өлкөлөр үчүн жашаганыбыз жок, элдик бийлик орногондон кийин, алар өз тартиби менен таанышат.
Ошондуктан, Президент жана Жогорку Кеңеш, от менен ойнобой жана сыйы менен элдин маанайына жараша төмөнкү мыйзамдуу жана ишеничтүү сценарий менен полномочиесине ылайык өлкөнү укук талаасына киргизүүгө катышуусу зарыл.
1. Президент, убадасына туруп Премьер-Министрди кызматка дайындоо жөнүндө Указга кол койсо да, кол койбосо да миссиясы бүтүп, үч күндүн ичинде өз арызы менен отставкага кетиши керек. Президенттин ыйгарым укуктарын Премьер-Министр аткарат.
2. Премьер-Министр 5 жумушчу күндүн ичинде:
а) конституциялык реформа өткөрүү үчүн референдум дайындоо боюнча Жогорку Кеңешке сунуш киргизет;
б) сунушталган Конституциянын долбоорун жалпы элге жарыялайт;
в) Президенттин төрагалыгы алдында Жогорку Кеңештин депутаттарынан, мамлекеттик жооптуу кызматкерлерден, коомчулуктун өкүлдөрүнөн, конституциянын долбоорлорун сунуштаган авторлордон жана түзүүчүлөрдөн турган сунуштоо укугу менен конституциялык кеңешме түзүү боюнча Жарлык чыгарат. Кеңешменин милдети болуп, бир айлык мөөнөттө тандалып алынган долбоорду референдумга чыгаруу үчүн элдин пикирин эске алып, анын текстин аягына чейин иштеп чыгуу болуп аныкталсын.
Кеңешменин курамына Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү, олигархтар, Жогорку Кеңештин жыйынына келбей саботаждык кылган депутаттар, сырттан каржыланган өкмөттүк эмес уюмдардын, олигархтык-партиялык, консервативдик жана реваншисттик күчтөрдүн, эл аралык жана чет элдик уюмдардын, криминалдын өкүлдөрү киргизилбейт.
3. Жогорку Кеңештин олигархтык-партиялык кландын депутаттары болгондуктан, алардан элдин бийликке ээ болуусун, бийликтин эл алдында жоопкерчилигин шарттаган жана партиялык системаны жойгон Конституцияны алып беришпейт.
Жогорку Кеңеш 5 жумушчу күндүн ичинде үч чечим кабыл алып берүүсү зарыл:
а) Президенттин сунушу менен Кыргыз Республикасында өткөрүү мөөнөтү эки-үч айдын ичинде конституциялык реформа боюнча референдум дайындайт;
б) «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» 5.02.2019-ж. Кыргыз Республикасынын мыйзамын жокко чыгарат;
в) миссиясы жана мөөнөтү бүтүп, өзүн-өзү таркатат.
4. Борбордук шайлоо комиссиясы:
а) бир айдан кечиктирбей Президент сунуштаган Конституциянын долбоорун жана аны менен бирге шайлоо мыйзамын кабыл алуу боюнча референдум өткөрөт;
б) эки айдан кечиктирбей кабыл алынган Конституция боюнча жана аны менен бирге кабыл алынган шайлоо мыйзамына ылайык бийликтин бардык үч бутагын бирдиктүү бир шайлоо күнүндө Президентти, Улуттук Курултайдын өкүлдөрүн, Мыйзам Палатасынын депутаттарын жана биринчи инстанциядагы Элдик соттордун судьяларын шайлоо өткөрөт.
Президенттин ыйгарым укугун убактылуу аткарган кызмат адамына жаңы Конституциянын долбоорунда Президент болуп шайланууга бөгөт коюлган эмес.
5. Президент жана Мыйзам Палатасы 15 жумушчу күндүн ичинде Өкмөттүн түзүмүн жана курамын бекитет.
6. Улуттук Курултай 15 жумушчу күндүн ичинде:
а) Президенттин сунушу менен обочолонгон мамлекеттик органдардын (Прокуратура, Улуттук Банк жана Эсептөө Палатасы) жетекчилерин жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн шайлайт;
б) Судьялар кеңешинин сунушу менен жогорку инстанциялардагы соттордун судьяларын, төрагаларын жана алардын орун басарларын бекитет.
«Жаңы доор» коомдук кыймылынын жетекчиси Б.С.Абдурасулов
Булак: NazarNews.kg