www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Күздүн келиши менен ар кандай саясый күчтөрдүн оюндары байкалууда. Туруктуулукту камсыздай алабызбы? Парламенттик шайлоонун шылтоосунда чыр-чатактар чыкпайбы? Кандай сунушуңуз бар?

- Саясый күчтөрдүн оюндары жылдын ар кыл мезгилинде болуп келген, боло бермекчи. Бирок, ушул бийликтин тушунда өтө байкалууда. Анын үстүнө парламенттик шайлоонун кайсы күндө өтөрү да белгиленип, бардык саясатчылар жайкы эс алуудан келишти.

Чет-четтен жандануулар байкалууда. Ошондон улам мамлекеттеги туруктуулук жөнүндө, андагы көп факторлорду камтыган экономика, айыл чарба жааты, баалардын өсүшү, саясый туруктуулуктар тууралуу аламандын алдында саясатчылар айтып чыгышат.

Албетте, бизде ар бир шайлоо чыр-чатаксыз өтпөй калган. Баштала электе эле адаттагы коркутуу, камакка алуу жагдайы жок эмес. Бийлик эң ириде элдин колдоосуна ээ болуу жагын ойлоп иш кылса, мындай жат көрүнүштөр болмок эмес. Чыр-чатактар жөн эле жерден чыга бербейт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости