www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО — Равшан Жээнбеков сотко жеткирилди

Бүгүн, 20-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин ишине байланышкан отурум башталат. Төрагалык кылган сот — Азирет Медеров.

Отурумга Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбеков жеткирилди.

Буга чейин 3 кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилген. А.Атамбаев Кой-Таш айылынан жер тилкесин мыйзамсыз алуу, мыйзамсыз баюу жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта болгон баш аламандыкты уюштурууга айыпталып жатат.

Бардык эпизоддор боюнча бир катар айыпталуучулар бар. Алардын катарында: Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев жана Аскар Шаадиев, борбордун мурунку мэри Албек Ибраимов, ИИМдин мурунку жетекчиси Абдылда Суранчиев жана башкалар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости