www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал турукташып келе жатканын билдирди.

Анын айтымында, күн сайын республикада COVID-19 менен ооругандардын саны азайып жатат.

"Ушундай шартта билим берүү мекемелери салттуу форматта окуй алышат. Бирок, COVID-19дун шартында билим берүү мекемелери үчүн алгоритмди сактоо зарыл, атап айтканда: текшерүү журналынын, антисептиктердин болушу, бет кап режимин жана аралыкты сактоо", - деди ал.

Мындан тышкары, департаменттин башчысы министрлик тарабынан күн сайын эпидемиологиялык абалга баа берилип жатканын жана экперттик топ түзүлгөнүн белгиледи.

"Биздин байкоолорго ылайык, былтыркы окуу жылында салттуу форматта окутуу учурунда мектеп окуучуларынын COVID-19ду массалык түрдө жугузуу учуру аныкталган эмес. Негизинен ооруп калган окуучулар байланышта болгон, көпчүлүк учурда оорунун үйдө болгон", - дейт Оторбаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости