www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
21-январда Чүй облусунда жайгашкан жаза аткаруу мекемелеринде соттолгондордун радикалдашуусунун алдын алууга жана аларды реабилитациялоого көмөктөшүүгө багытталган тарбиялык иш-чара өтүп, ага диний уюмдардын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.
Иш-чарага катышкан диний өкүлдөр:
- Рахматуллаев Нурулло Абдулмажитович — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы;
- Загребельный Сергей Николаевич Бишкек жана кыргыз епархиясы;
- Зайцев Алексей Анатольвич православ чиркөөсүнүн өкүлү.
Aталган иш-чара Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруунун алкагында уюштурулуп, соттолгондор арасында радикалдуу идеологиялардын жайылышынын алдын алууга, жасаган кылмыштары үчүн өкүнүүсүнө көмөктөшүү, мыйзамдарды урматтоого үндөө жана мыйзамга баш ийген жүрүм-турумдун баалуулуктарын сактоого багытталган.
Тынчтык, гуманисттик баалуулуктарды пропагандалоо, руханиятты жана өз ара урматтоону өнүктүрүү соттолгондорду реабилитациялоо жана коомго кайтарууy жолунда зарыл аспекттер катары болуп эсептелинет.