www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө кош бойлуу аял каза болду

Ысык-Көл облусунун Тоң райондук ооруканасында кош бойлуу аял каза болгон. Маалыматты Ысык-Көл ОИИБи тастыктап, төмөнкүлөрдү билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-январь күнү Тоң РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө саат 03:45 чамасында Тоң райондук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнөн чалуу түшүп, төрөт бөлүмүнө келген аял каза болгондугун билдиришкен. 

Маалымат Тоң РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Териштирүү иштеринин алкагында, 21-январга караган түнү болжол менен саат 23:00 чамасында кош бойлуулуктун 40-жумасында Тоң районунун 1979-жылы туулган тургуну ичи ооруп, Тоң райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүнө кайрылган. Ал текшерилип, көзөмөл бөлмөсүнө жаткырылган. 21-январга караган түнү болжол менен саат 02:00 чамасында аял дааратканага барып, чыгып келе жатып, өзүн жаман сезип, кан басымы түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Кыска убакыттын ичинде аялдын көз жумганы аныкталган.

"Аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда",- деп айтылат маалыматта.

Последние новости