www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мандатынан ажыратылган Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын ордуна Айгүл Айдарова депутат болуп келиши мүмкүн.

Мыйзам боюнча квотанын негизинде аял депутат кетсе ордуна аял киши келиши шарт. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмесинде алган добушу боюнча Нарматовадан кийинки сапта Айдарова турат. Ал шайлоодо 548 добушка (партия ичинде 0.60 пайыз) ээ болгон.

Айгүл Айдарова 1988-жылы 15-мартта Баткен районунун Самаркандек айылында туулган. Кесиби юрист, 2012-2013-жылдары Токмок РИИБде тергөөчү, андан кийин эки жыл жеке компанияда котормочу болуп иштеген. 2019-жылдан бери Чүй облусунун Аламүдүн райондук милиция бөлүмүнө тергөөчү болуп эмгектенет.

Белгилей кетсек, кечээ, 20-январда, БШК Орозайым Нарматова дипломун мыйзамсыз алган деген жүйө менен ЖК депутатын мандатынан ажыратты. УКМКнын текшерүүсүнөн кийин Жалал-Абад мамлекеттик университети ага 2017-жылы берген дипломун артка чакыртып алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости