www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткен деген түшүнүктүн өзүнүн табияты кылмыштуу», - деди бүгүн, 21-январда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, Өмүрбек Текебаев Адахан Мадумаровго козголгон кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткен деген оюн айтты го? Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?

- Өзү кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткен деген түшүнүктүн  өзүнүн табияты кылмыштуу. Ушул антиэлдик жобого таянып көп кылмышкерлер «Кумтөр» боюнча катуу жазадан кутулуп кетишти. Анан дагы ар кандай элдик иш-чараларга катышышып жаштарга уялбай акыл айтып жүрүшөт. Бул туура эмес.

Биздеги саткын сот системасын эске алсак мындай кылмыш иштери жөн эле жабылып калып жатат. Мен конкреттүү кишилер жөнүндө айтпай эле коёун. Бирок, Жогорку Кеңеш ушул жобону мыйзамдан алып койсо туура болмок. Эрктери жетет бекен? Бул өзүнчө суроо!

- Айрымдар Өмүрбек Текебаев мындай пикирин 2010-жылдагы кандуу окуя боюнча кылмыш ишинин да мөөнөтү өтүп кеткен деген коңгуроону кагуу үчүн айтып жатат деген ойлорун айтышууда. Ынансак болобу?

- Өмүрбек Текебаев мырза азыркы иштей баштаган Кылмыш кодекстерине таянып айтып жатат. Туура эле сүйлөдү. Анын ичине Ош - 2010 окуясы дагы илинет. Тажрыйбалуу юрист жана саясатчы катары туура эле айтып жатат.

Бирок, президенттин тапшырмасы менен УКМК бул ишке кайра кайрылып былтыр жаңы иш козгогон. Анын мөөнөтүнүн өтүшүнө дагы 9 жыл бар. Ошондуктан азыр тергөө иштери башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости