www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште жасалма диплому бар депутаттар Кудайга шүгүр окшойт. Деги парламентте оңдуу депутат калганбы? 

Мына жакында эле Фархад Исмаилов менен Фарходбек Алимжанов экөөнү диплому жасалма деген негизде Борбордук шайлоо комиссиясы мандаттарынан ажыраткан. Ага чейин Орозайым Нарматова дагы диплому жасалма делип, ант берген менен депутат болуп отура электе мандатынан кол жууган. 

Эми дагы эки депутаттын дагы диплому жасалма экени айтылып жатат. Эгер тандалма саясат кылбай, өң карама эмес, мыйзам чегинде иш жүрсө мандаттарынан ажыратылууга тийиш. 

Башкача айтканда, Талас облусунун мурдагы губернатору, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиевдин диплому жасалма экени айтылууда. Ырасында, мындай сөздөр Мураталиев губернатор кезинде эле айтылып жүргөн. 

Мындан сырткары, Ош облусунун мурдагы губернатору Таалайбек Сарыбашевдин диплому жасалма көп жылдан бери айтылып келет. Элдин баары билишет. Бирок эмнегедир чара көрүлбөгөнү таң калтырат...

Баса, булардан сырткары дагы бир депутат Максат Сарбагышевдин дагы диплому жасалма экени айтылып келет.

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес

Булак: NazarNews.kg

Последние новости