www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасында жана анын филиалдарында 29 миллион 69,5 миң сом каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасынын маалымат кызматы билдирди.

Анда мекеменин 2022-жылдагы ишмердүүлүгүндөгү бюджеттик каражаттын колдонулушуна аудит жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында төмөнкүдөй мыйзам бузуулар табылган:

Эмгек акыны, иш сапардык чыгымдарды төлөөгө байланышкан бузуулар — 11 миллион сом;

Бухгалтердик эсепте негизги каражаттарды таануу жана амортизациялоо боюнча мыйзамдардын талаптарын аткарбоо — 10,8 миллион сом;

Мыйзам талаптарына ылайык конкурстар өткөрүлбөстөн 3 миллион сомдук сатып алуулар (товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) жүргүзүлгөн.

"Майлы-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалында 340,9 миң сомдун дайыны чыкпай калган (учурда ордуна коюлду);

"Ош райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси" филиалында ижара акысынан түшкөн 155 миң сом республикалык бюджетке которулбай калган;

"Балыкчыдагы жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалында 1,1 миллион сом натыйжасыз чыгымдалган;

"Майлы-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы" филиалында 1,8 миллион зыян келтирилген.

"Чүй "кристалл" ишканасынын" филиалында баштапкы эсепке алуу документтери толук толтурулбай 203,1 миң сомго күйүүчү-майлоочу май эсептен чыгарылган;

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости