www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин жарлыгына ылайык, бир орунда беш жылдан ашык иштеген жетекчилер кызматтан алынат. Алардын ордуна жаңы жетекчилер сынактык негизде дайындалат. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, Бишкекте өткөн Кыргызстандагы кесиптик лицейлердин жана коллеждердин директорлоруна сынакта 153 талапкердин тогузу гана жогорку упайга ээ болду. Буга чейинки сынакта 138 талапкердин бешөө гана жогорку упайга ээ болгон.

Президент былтыр 12-июлда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо жарлыгына кол койгон. Ага ылайык, беш жылдан көп иштеген директорлор кызматтан алынып, ордуна жаңы жетекчи сынак аркылуу дайындалат. Бул өлкөдөгү айрым мектеп директорлорунун нааразылыгын жараткан. Билим берүү жана илим министрлиги бул жарлык негизинде жаңы окуу жылында миңге чукул мектептин директору алмашканын билдирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости