www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салыктын өзгөчө түрүн өлкөдөгү эң чоң базар делген Бишкектеги «Дордой» жана Кара-Суу районундагы «Кара-Суу» базарларына гана тиешелүү. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, Оштогу Кара-Суу базарында иштеген ондогон соодагерлер көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, 29-ноябрда Кара-Суу районунун администрациясынын алдына нааразылык акцияга чыгышты.

 Токтомдун 461-беренесине ылайык бир соода жайынын жылдык кирешесине жараша салык төлөнөт. Анда 4 миллион сомго чейин жылдык киреше тапкан ишкер жылына 18 мин сом төлөсө, 8 миллон сомго чейин киреше тапкан соодагер 42 миң сом төлөйт. Ал эми жылдык кирешеси 200 миллион сомго чейин болгон ишкерлер бир миллион сом төлөшөт. Ишкер салыкты ай сайын бөлүп төлөсө да болот же бир жылдыкын бир убакытта төлөп койсо да болот. Бөлүп төлөгөн учурда айдын башында төлөөсү зарыл, эгер көрсөтүлгөн убакытта төлөбөсө туум кошулат.

Кара-Суу Борбор Азиядагы эң ири соода жайларынын бири болуп саналат. Базарда беш миңден ашык киши иштейт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости