www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы жылда патенттер да өз күчүн жоготот

Өкмөт жарыялаган жоюлуучу патенттер тизмеги 2024-жылдын 1-январдан ишкердиктин 12 түрүн камтыйт . «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда,  мамлекеттик салык кызматы көрсөтүлгөн күндөн тартып иштин 12 түрүнө карата патент өз күчүн жоготорун маалымдады.

Жаңы жылдан тартып патенттин негизинде соода жүргүзүүгө болбойт: Базарларда жана базарларда чекене сатуу; дүкөндөрдө чекене сатуу; дүкөндөрдөн, соода борборлорунан жана базарлардан тышкары чекене сатуу; соода түйүндөрүн пайдалануу менен соода борборлорунда чекене сатуу; убактылуу темир констркуцияларды пайдалануу менен базарлардан тышкары унааларга кошумча бөлүктөрдү жана материалдарды сатуу; тез тамактануу (фаст-фуд) тармагына керектүү азыктарды сатуу; үй жаныбарларын багуу жана сатуу; нан жасоо, сатуу; үй шартында кум, шагыл блокторду жана брусчаткаларды өндүрүү, сатуу; кол өнөрчүлөр жасаган эмгектерин (элдик көркөм кол өнөрчүлүк) сатуу; мүрзөгө коюлуучу эстеликтерди, постаменттерди, коштоочу элементтерди жасоо, сатуу; сүрөтчүлөрдүн ишмерүүлүгү, анын ичинде сүрөттөрдү жана портреттерди сатуу.

Буга байланыштуу патенттин негизинде соода кылган ишкерлер салык салуунун башка режимдерине өтүшү керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости