www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мексика курама командасы футбол боюнча 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын ачылыш беттешинде Түштүк Африка Республикасын утуп алды.
Оюн Мехикодогу «Ацтека» стадионунда өтүп, 2:0 эсебинде талаа ээлеринин пайдасына аяктады. Беттештин башкы калысы майдандан үч адамды четтетти (кызыл айып кагазын көрсөттү).
Жеңишке жетишкен командадан Хулиан Киньонес (9-мүнөттө) жана Рауль Хименес (67-мүнөттө) гол киргизишти.
Белгилей кетсек, 48 курама команданын катышуусундагы футбол боюнча дүйнө чемпионаты 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтөт.