www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын атынан күрөш боюнча дүйнө чемпионатына катыша турган балбандардын аттары белгилүү болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматы боюнча, бул мелдешке өлкө атынан 16 спортчу барат. Эркин, кыз-келиндер жана грек-рим күрөшү боюнча дүйнө биринчилиги 16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтөт. Аталган мелдеште 2024-жылы Парижде боло турган Олимпиада оюндарына жолдомолор ойнотулат. Дүйнө биринчилигинде 1-5-орун алган спортчулар жолдомо ала алышат.

Эркин күрөш боюнча курама команда:

  • 57 кг Алмаз Сманбеков;
  • 65 кг Икромжон Хажимурадов;
  • 70 кг Эрназар Акматалиев;
  • 74 Арсалан Будажапов;
  • 86 кг Нарбек Изабеков;
  • 97 кг Каныбек Абдулхаиров.

Кыз-келиндер күрөшу боюнча курама команда:

  • 59 кг Калмира Билимбек кызы;
  • 62 кг Айсулуу Тыныбекова;
  • 68 кг Мээрим Жуманазарова;
  • 76 кг Айпери Медет кызы;
  • 72 кг Нурзат Нуртаева.

Грек-рим күрөшү боюнча курама команда:

  • 60 кг Жоламан Шаршенбеков;
  • 67 кг Амантур Исмаилов;
  • 77 кг Акжол Махмудов;
  • 87 кг Азат Салидинов;
  • 97 кг Бексултан Махмудов.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости