www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин чечими менен социалдык-экономикалык маселелер менен байланыштуу ыкчам чара көрүү боюнча антикризистик комитет түзүлдү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Буцл чечим президенттин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
Анын негизги милдети – өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген дүйнөдө болуп жаткан окуяларга ыкчам чара көрүү үчүн антикризистик башкарууну түзүү.
Социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча Антикризистик комитеттин жетекчиси болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси саналат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Антикризистик комитеттин төрагасынын орун басары болуп бекитилди.
Антикризистик комитеттин курамына ошондой эле Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын бир катар жетекчилери кирди.
Булак: NazarNews.kg