www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда алимент төлөбөгөн жарандар унаа айдоо укугунан ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, алимент боюнча карызкорлор алиментин төлөбөсө машина айдоо жана никеге туруу укугунан ажыратылат.

Президенттин токтомуна ылайык, мындай мыйзамды иштеп чыгуу үчүн 3 ай убакыт берилген.

Өзбекстандын президенти "Үй-бүлөнү жана аялдарды колдоо тууралуу мыйзамды тездетүү" тууралуу буйрукка кол койгон. Буйрукка ылайык Башкы прокуратура үч айдын ичинде мыйзамды иштеп чыгат. Аталган жарлыкта:

-карыз толугу менен жабылганга чейин карызкордун транспорт каражатын башкаруу укугун убактылуу чектөө;

-карыз тарапка лицензия берүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү убактылуу токтотуу;- каралган.

Эгерде алимент төлөөчү үч айдын ичинде карызын төлөбөсө, Башкы прокуратура тарабынан жогорудагыдай чаралар көрүлөрү айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости