www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2022-жылдын башына карата дүйнөнүн тогуз өлкөсүнүн өзөктүк арсеналында 12 700 өзөктүк курал бар. Бул тууралуу Америка илимпоздор федерациясы жарыялаган жаңы изилдөөдө айтылат.
«Кансыз согуштан бери өзөктүк арсеналдарды кыскартууда жетишилген прогресске карабастан, өзөктүк дүрмөттөрдүн дүйнөлүк запастары өтө жогору бойдон калууда. 2022-жылдын башында тогуз өлкөдө 12 700дөн ашык баш болгон», - деп айтылат маалыматта.
Бардык өзөктүк дүрмөттөрдүн 90 пайызга жакыны Орусия менен АКШга таандык, алардын ар биринде беш миңден ашык өзөктүк курал бар.
«Бир дагы өзөктүк куралга ээ болгон башка мамлекет өзүнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бир нече жүздөн ашык өзөктүк куралга муктаж эмес», - деп айтылат докладда.
Жайгаштырылган, сакталган жана жок кылууну күткөн өзөктүк дүрмөттөрдү кошкондо, тогуз өлкө төмөнкүдөй өлчөмдөгү өзөктүк куралга ээ:
• Орусия – 5977;
• АКШ – 5428;
• Кытай – 350;
• Франция – 290;
• Улуу Британия – 225;
• Пакистан – 165;
• Индия – 160;
• Израиль – 90;
• Түндүк Корея – 20.
Тарыхый жактан алганда, кансыз согуштан бери дүйнөдө өзөктүк куралдын саны бир топ кыскарган. Тактап айтканда, 1986-жылы дүйнөдө 70 300 өзөктүк курал болсо, 2021-жылдын башында алардын 13 000ге жакыны калган.
Булак: NazarNews.kg