www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин:

Өзөктүк согушта жеңүүчү болушу мүмкүн эмес жана ал тутанбашы керек. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин билдирген.

Анын Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимди ишке ашырууну караган онунчу конференциянын катышуучуларына кайрылуу жолдогону айтылды.

Путин Орусия келишимди бузбай турганын белгилеген. Ошондой эле, тиешелүү куралдарды кыскартуу жана чектөө боюнча АКШ менен эки тараптуу келишимдердин алкагындагы милдеттенмелер да толугу менен аткарылганын кошумчалады.

"Өзөктүк согушта жеңүүчү болбойт, ал тутанбашы керек. Биз дүйнөлүк коомчулуктун бардык мүчөлөрү үчүн бирдей жана бөлүнгүс коопсуздукту жактайбыз", — деген президент.

Орусия башчысы тынчтык атому Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимдин талаптарын аткарган бардык мамлекеттер үчүн кошумча шарты жок эле жеткиликтүү болоруна ишенимин билдирген. Москва өзөктүк энергетика жаатында өнөктөштөрү менен тажрыйба бөлүшүүгө даяр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости