www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөдө биринчи жолу 65 жаштан жогорку адамдардын саны 5 жашка чейинки балдардын санынан ашты. Бул тууралуу АКШнын Калкты каттоо бюросунун дүйнөлүк калктын жаш курактык түзүмү боюнча баяндамасында айтылат.
Адистер бул өзгөрүүнүн негизги себептери катары төрөттүн төмөндөшүн жана калктын тез картаюусун белгилешет.
2022-жылы 65 жаштан жогоркулар да, 5 жашка чейинки балдар да дүйнө калкынын болжол менен 10 пайызын түзгөн. Бирок кийинки жылдары улгайган адамдардын үлүшү өсүп, жаш балдардын саны азая баштаган.
Божомолдорго ылайык, 65 жаштан жогорку адамдардын саны 2025-жылдагы 852 миллиондон 2060-жылы 2 миллиардга чейин көбөйөт. Ошол эле учурда дүйнө калкы 8,13 миллиарддан 10,23 миллиардга жетери күтүлүүдө.
2060-жылы дүйнө калкынын 19,6 пайызы 65 жаштан жогоркулар болсо, 5 жашка чейинки балдардын үлүшү болгону 7 пайызга чейин түшүшү мүмкүн.
Өзгөчө Азияда улгайган калктын саны кескин өсөт. Аймакта 65 жаштан жогоркулардын саны 487 миллиондон 1,24 миллиардга чейин көбөйөрү болжолдонууда.
Ошентип, дүйнөдө төрөттүн азайышы, өмүрдүн узарышы жана калктын картаюусу негизги демографиялык тенденцияга айланууда.