www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнө калкынын сексуалдык эркиндик индекси боюнча “эң эркин” өлкөлөрдүн сап башында Австралия, Бразилия жана Греция турат.

World Population Review басылмасынын маалыматында айтылгандай “Эл аралык” сексуалдык эркиндик индекси алты факторду эске алат:

— орточо сексуалдык өнөктөштөрдүн саны,
— биринчи жыныстык катнаштын орточо жашы,
— проституциянын мыйзамдуулугу,
— никеге чейин жыныстык катнашка коомдук мамиле,
— жыныстык жол менен жугуучу оорулардын таралышы.

Бул көрсөткүчтөр 45 өлкөнүн маалыматтары менен салыштырылган.

Жыйынтыгында Австралия эң “распущенная” (адеп-ахлакка сыйбаган) өлкө деп табылган. Ал жерде бир адамга орточо 13,3 сексуалдык өнөктөш туура келет. Ал эми биринчи жыныстык катнаштын орточо жашы 17 жаш деп табылган.

Бразилияда бир адамга орточо 9 сексуалдык өнөктөш туура келсе, Грецияда бул көрсөткүч 10ду түзөт.
Алгачкы ондукту Чили, Жаңы Зеландия, Германия, Италия, Швейцария, Таиланд жана Түштүк Африка жыйынтыктайт.

Последние новости