www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин жаңыртуу үчүн 5 миллион доллар берет. Бул туурасында Финансы министрлиги билдирди.

Тиешелүү макулдашууга финансы министри Алмаз Бакетаев жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хассан Накви кол койгон.

Каражат Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылоого жана толуктап иштеп чыгууга багытталат.

Жолугушууда ошондой эле энергетика тармагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана жаңы потенциалдуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кийинки кадамдар талкууланган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости