www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоочулардын айтымында, бир өлкөнүн жетекчисин камоо буйругун башка мамлекет биринчи жолу чыгарып отурат. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда Франция Сириянын президенти Башар Асадды камакка алуу жөнүндө эл аралык ордер чыгарды. Асад жана дагы үч санаалашы калкка каршы тыюу салынган химиялык курал колдонгон деп айыпталууда.

Мунун алдында 2013-жылы Чыгыш Гута районундагы жана Дума шаарындагы химиялык курал колдонулган деп шек саналган эки чабуул иликтенген. Ошондо 3 миңден көп киши каза болгон. Франциядагы иликтөө 2021-жылдын мартында, чабуулдарда аман калгандардын арыздарынан кийин башталган. 2013-жылы Сирия Химиялык куралга тыюу салуу уюмуна кошулган. Уюм Дамаскини жарандык согушта химиялык куралды пайдаланган деп бир нече жолу айыптаган. Сирия бийлиги мындай айыптоолорду четке кагууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости