www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк экономика рецессия (экономиканын ар тармагындагы кескин төмөндөө — ред.) коркунучунда турат. Бул тууралуу Financial Times басылмасындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды. Буга төмөнкү төрт фактор себеп болууда:
– Кытай экономикасынын өсүү темпи COVID-19дун омикрон штаммы көбөйгөндө киргизилген карантиндик чаралардан улам жайлады;
– АКШнын Федералдык резервдик системасы бир топ алдан тайды;
– европалыктар катуу кризисти баштан кечирүүдө;
– жаңы өнүгүп келе жаткан жакыр өлкөлөрдө азык-түлүк кризиси, ал тургай ачарчылык коркунучу жакындап келатат.
"Бул төрт маселенин ар бири пандемиядан кийин жаңы бутка туруп келаткан дүйнөлүк экономиканы кайра артка тартууда. Учурда бардык мамлекеттер колдон келген аракетин кылуусу керек", — деп айтылат макалада.
Украинага каршы согуш баштагандан кийин Батыш өлкөлөрү Москвага каршы санкциялык кысымын күчөткөн. Учурда Еврокомиссия чектөө чараларынын алтынчы пакетин талкуулап жатат. Анын ичинде Орусия мунайынан баш тартуу маселеси да каралган.
Ушундай шартта күйүүчү майдын баасы көтөрүлүп, буга чейин Европа менен АКШда экономикалык маселелер жаралган. Евроаймактын 19 өлкөсүндө жылдык инфляция апрель айында рекорддук 7,5 пайызга чейин жетти.
Булак: NazarNews.kg