www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн мүлкү камакка алындыбы?

Башкы прокуратура июнь коогасына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кайсы бир адамдардын мүлкү камакка алынганы тууралуу маалыматты четке какты. Башкы көзөмөлдөөчү орган тараткан маалыматта: "Тергөөдө кылмыш иши боюнча текшерилип жаткан кишилерди Жазык-процессуалдык кодексинин негизинде тек-жайы, мурда соттолгондугу, аларга катталган мүлкү жана башка жагдайлар такталууга тийиш. Ошондуктан тергөөчүнүн ар кандай мамлекеттик органдарга берген суроо-талаптары бул мыйзамдуу көрүнүш жана ошондой суроо-талаптарды жиберуугө тергөөчү милдеттүү", - деп жазылган.

Мунун алдында айрым басылмалар өз булактарына таянып Башкы прокуратура 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн мүлктөрүн камакка алуу максатында аныктап-тактоо иштерин жүргүзүп жатканын жазган.

Өткөн аптанын аягында 2010-жылдагы июнь окуясына байланыштуу Баш прокуратура Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Кеңешбек Дүйшөбаевге, Исмаил Исаковго жана Бектур Асановго айып койгон. Алар дооматтарды четке каккан.

Улуттук коопсуздук комитетт (УКМК) бир жыл мурда июнь каргашасы тууралуу козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген.Анын алкагында атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров апрель айында күбө катары Башкы прокуратурага сурак берген.

Ошондой эле коогада жетекчилик кызматтарда турган, иликтеп-териштирүүгө катышкан баш-аягы 15 адам суракка кирип-чыккан.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан.

“Июнь окуясы” деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости