www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Убактылуу өкмөттүн Ата-Бейитте берген анттары унутулду», - деди бүгүн, 25-майда, NazarNews маалымат агенттигине «Теңир-Тоо жаштар ынтымагы» коомунун төрагасы Урмат Акунов.
-- Саламатсызбы, Урмат мырза, 2010-жылдагы окуялар кайрадан каралууда. Сиз ошол күндөгү окуянын катышуучусу катары эмне дейсиз?
-- Эң эле өкүнүчтүүсү – 97 бала өлүмгө учурап, 1500гө чукул киши жаракат алып, Бакиевди кубаладык. Жаңы келген Убактылуу өкмөт мурдагы бийликтин жолуна түшпөйт деп ойлонгонубуз менен, элдин андай үмүтү акталган жок.
Ийнени капка ката албайсың, кыңыр иш кырк жылда эмес, 10 жылда билинип, Ата-Бейитте берген анттары унутулду. Бакиев алып качып кетти деген банктагы уурдалган акчаларды өздөрү алып, Бакиевдин жеке менчиктерин өздөрүнө ыйгарып, мыйзамсыз байышып, уялбай дагы «коомдук ишмер, экс-президент» деген макамдарды алып жүрүшөт. Өлүмдөн акча жасаган адамдар эгерим эки дүйнөдө укум-тукуму менен жакшылык көрбөсүн.
-- Азыр дагы бийлик Апрель окуясына чекит коё алабы?
-- Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин бийлиги Алексей Ширшовду алып келип, аны пиар кылып, кайра бошотуп Убактылуу өкмөттү жөн эле жаман көрсөтүп койбой, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу керек. Болбосо, бул бийлик дагы өч алуу болуп кала берет.
-- Коомчулук арасында кандай кеп болуп жатат?
-- Коомчулукта «ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок» дегендей Апрель менен Июнь окуяларына жана Дачи СУга саясий баа берип, эл ишенимине кириши керек. Болбосо, катардагы бийлик катары элдин эсинде калып кете берет.
-- Убагында Садыр Жапаровго жан тарткандардын алдыңкы катарында тургансыз, азыр мамиле барбы?
-- Мен эмес, Сиз деле Садыр Жапаровго жан тартып, NazarNews'ка көпчүлүк басылмалар чыгара албаган ачуу чындыкты чыгарып келгенсиз. Ошондой эле, мен «Ата-Журт» партиясын колдоп жүргөн учурда, азыр эки достун жанында жүргөн саясатчылар: «Сен Бакиевдин канкор бөлтүрүктөрүн колдоп жатасың», - деп, элди уюштуруп, ар кандай жемеге алдырып келишкен.
2010-жылы эле мен аларга: «Бир убакыт келгенде, ушул саясатчылар элдин уулу болуп, силер эл душманы болосуңар», - деп айтканмын. Оозума сала бергендей, ошондогу Убактылуу өкмөт – эл душманы, эки дос – эл уулу болуп чыга келди.
-- Эки доско сын-пикир жокпу?
-- Эки дос элдин үнүн угушу керек. Тилекке каршы, Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевди жолдон чыгарган чөөлөр азыр Садыр Жапаровдун айланасында жүрүп, аны да жолдон чыгарганы калды.
Булак: NazarNews.kg