www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев коронавируска байланыштуу кырдаал жана Украинанын тегерегиндеги окуялар дүйнөлүк экономиканын бытыранды болушуна алып келди деп эсептейт. Бул тууралуу казак президентинин басма сөз кызматы билдирди.

«Мамлекет башчы дүйнөлүк күн тартибиндеги актуалдуу маселелерге басым жасады. Токаевдин айтымында, COVID-19 менен болгон кырдаал жана Украинадагы окуялар Евразия континентинде жаңы геосаясий стресс-сынакка туш болгон дүйнөлүк экономиканын бытыранды болушуна алып келди.

Токаев белгилегендей, Казакстан экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу максаттарына жетишүүгө умтулат. Ал Казакстан дүйнөлүк рынокко товарларды, чийки зат жана айыл чарба продукцияларын үзгүлтүксүз жеткирүү иштерин камсыз кылууда ишенимдүү өнөктөш бойдон кала берээрин билдирди.

Жашыл экономиканы өнүктүрүү, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү 2060-жылга карата нөлдүк эмиссияга оптималдуу жолду камсыз кылган аз көмүртектүү өнүктүрүү стратегиябыздын приоритеттери болот», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости