www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Кытайга газ экспорттоону жандандырды. Бул тууралуу Eurasianet.org кабарлады.

Белгилей кетсек, Өзбекстан жыл башында ички талапты канааттандыруу үчүн газды тышка чыгарууну убактылуу токтоткон.

Өзбек өкмөтү газды сатуу жандандырылганы жөнүндө кабарлаган жок. Бирок Кытай маалыматтарынан Ташкенттин Борбор Азия- Кытай кууру аркылуу көгүлтүр отунду экспорттоп жатканын байкоого болот. Түркмөнстандан башталган бул куур Өзбекстан жана Казакстан аркылуу Кытайга барат.

Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын статистикасына караганда, Өзбекстан Кытайга быйыл алгачкы төрт айда 132,8 миллион долларга газ экспорттоду. Бул жөнүдө орусиялык Neftegaz.ru порталы билдирди. Канча көгүлтүр отун сатылганы айтылган эмес.

Түркмөнстан январь-апрель айларында Кытайга 2,87 миллиард долларга газ саткан. Казакстандын Кытайга экспорту 270,6 миллион долларды түзгөн.

Быйыл Ташкент 3,3 миллиард метр куб газ экспорттоону пландоодо. 2019-жылы өлкө четке 12,2 миллиард метр куб газ саткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости