www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия-Кытай алакасы, дүйнөлүк саясаттагы тең салмактын кепили болуп береби?
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Россиянын Президенти Владимир Путин 19–20-май күндөрүндөгү Кытайга болгон расмий сапары, эки өлкөнүн мамилесиндеги кезектеги дипломатиялык жолугушуу гана эмес, дүйнөлүк геосаясаттагы маанилүү окуялардын бири катары бааланууда.
Сапардын алкагында Россия менен Кытай 40ка жакын эки тараптуу документке кол коюуну пландап жатышы, анын ичинде 47 беттик ири стратегиялык билдирүүнүн даярдалышы бул кызматташтык жөнөкөй экономикалык байланыштан алда канча кеңири мааниге ээ экенин көрсөтөт.
Президенттин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргендей, Путинди Кытайга өтө кеңири курмадан турган жогорку масштабдагы делегациянын коштоп барганын өзү жолугушуунун олуттуулугун айгинелейт. Ырасында, Россиянын беш вице-премьери, сегиз министри, Борбордук банктын жетекчиси, мамлекеттик корпорациялардын башчылары жана аймак жетекчилери кирген курам менен Путин буга дейре бир дагы өлкөгө барбаса керек. Атап айтканда, делегациянын курамында вице-премьерлер Денис Мантуров, Татьяна Голикова, Александр Новак, Юрий Трутнев жана Дмитрий Чернышенко, Тышкы иштер министри Сергей Лавров, Каржы министри Антон Силуанов, Экономикалык өнүгүү министри Максим Решетников жана башка министрлер бар. Ошондой эле “Роснефть” компаниясынын жетекчиси Игорь Сечин, “Газпромдун” башчысы Алексей Миллер жана бир катар ири бизнес өкүлдөрү катышат.
Бул жолугушуунун негизги максаты, эки державанын ортосундагы узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүктү дагы да тереңдетүү болуп эсептелет. Акыркы жылдары дүйнөлүк саясатта күч борборлорунун өзгөрүшү, Батыш менен Россиянын мамилесинин курчушу, ошондой эле АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода жана технологиялык атаандаштык Москва менен Пекинди бири-бирине мурдагыдан да жакындатты. Ошондуктан, бул сапар эки мамлекет үчүн тең жаңы геосаясий реалдуулукка жооп берүүчү кадам катары каралууда.
Россия үчүн Кытай менен кызматташтык бүгүнкү шартта өзгөчө мааниге ээ. Батыш санкциялары күчөгөн мезгилде Кытай Россия үчүн ири рынок, инвестициялык өнөктөш жана технологиялык багыттагы альтернатива болуп калды. Энергетика тармагында Россия Кытайга нефть жана газ жеткирүүнү кеңейтүү аркылуу өзүнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн сактап калууда. Мындан тышкары, улуттук валюталар менен эсептешүүлөрдүн көбөйүшү долларга болгон көз карандылыкты азайтып, Москвага финансылык туруктуулукту бекемдөөгө жардам берүүдө.
Экономикалык жактан алганда, Кытай Россия үчүн өндүрүш, логистика жана өнөр жай технологиялары боюнча маанилүү өнөктөш болуп калды. Айрыкча транспорт коридорлору, темир жол байланыштары, Түндүк деңиз жолу жана Евразиялык интеграция багытындагы долбоорлор эки өлкөнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берет. Мындай кызматташтык Россияга Азия багытындагы стратегиясын күчөтүүгө мүмкүнчүлүк ачууда.
Ал эми Кытай үчүн Россия биринчи кезекте энергетикалык коопсуздуктун кепилдиги болуп эсептелет. Дүйнөлүк рыноктогу туруксуз шарттарда Кытай үчүн туруктуу нефть жана газ булагына ээ болуу чоң артыкчылык. Ошондой эле Россиянын бай жаратылыш ресурстары, аскердик технологиялары жана географиялык мүмкүнчүлүктөрү Пекин үчүн стратегиялык мааниге ээ.
Кытай мындан тышкары Россия аркылуу Евразия аймагындагы таасирин кеңейтүүгө кызыкдар. “Бир алкак — бир жол” демилгеси менен Евразиялык экономикалык байланыштарды чыңдоо Кытайдын глобалдык экономикалык стратегиясынын негизги бөлүгү болуп саналат. Бул багытта Москва менен кызматташуу Пекинге Борбор Азиядан тартып Европага чейинки ири транзиттик маршруттарды өнүктүрүүгө шарт түзөт.
Эки өлкөнүн көп уюлдуу дүйнө тууралуу декларация кабыл алууну пландашы да өзгөчө мааниге ээ. Бул кадам дүйнөлүк саясатта бир гана күч борбору үстөмдүк кылган моделден алыстоону жана жаңы тең салмак түзүүгө умтулуусун билдирет. Москва менен Пекин акыркы жылдары эл аралык уюмдарда, коопсуздук маселелеринде жана дүйнөлүк экономикада өз позицияларын көбүрөөк координациялап келе жатышат.
Демек, Путиндин Кытайга сапары эки өлкөнүн өнөктөштүгү тактикалык эмес, стратегиялык жана узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ болуп баратканын көрсөтөт. Россия үчүн бул экономикалык туруктуулукту сактоонун жана жаңы рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн жолу болсо, Кытай үчүн энергетикалык коопсуздук жана Евразиядагы таасирин бекемдөө мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Мындай жакындашуу дүйнөлүк саясаттагы күчтөрдүн жаңы балансын калыптандырууда маанилүү роль ойнойт.