www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиянын Мунай жана газ министрлиги Орусиядан мунай сатып алуу АКШнын санкцияларына көз каранды эмес экенин билдирди. Министрликтин өкүлү Суджата Шарманын айтымында, Индия Орусиядан мунайды мурда да алып келген, азыр да алып жатат жана мындан ары да коммерциялык кызыкчылыктын негизинде сатып ала берет.
Ал ошондой эле өлкөдө мунай тартыштыгы жок экенин, жетиштүү көлөмдө запас бар экенин айтты.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жана Ормуз кысыгынын жабылышы дүйнөлүк мунай рыногуна басым жасап, Индияны кайрадан орус мунайына көбүрөөк көңүл бурууга мажбур кылды. Маалыматтарга ылайык, май айында Индияга күнүнө 2,3 миллион баррелге чейин орус мунайы жеткирилген.
Орусия Индия канча көлөмдө мунай алууга даяр болсо, ошончо көлөмдө жеткирүүгө даяр экенин билдирген. Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров да Москва энергия ресурстарын жеткирүү боюнча бардык келишимдерди аткарарын белгилеген.