www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын эң бай адамды Джек Ма мындай деп айтыптыр: «Кедей адамдарды ыраазы кылуу баарынан кыйын. Аларга акча берсең жөн эле берген жок да деп ойлойт. Иште десең иш жок дешет. Соода кыл десең акчам жок дейт. Анда жумушка кир десең айлыгы аз дейт.

Биз менен иште десең сеники «сетевой маркетинг», - дешет. Бирок алар интернет чукуганды, Google'дан ар нерсени сураганды, бирөөнүн сүрөтүнө лайк басып шилтеме жазганды жактырышат. Алар профессор сыяктуу ойлонушат, бирок сокурдан дагы аз жумуш аткарат. Алардан жөн эле сурасаңыз «колуңдан эмне келет?» деп жооп бере алышпайт, жооп жок, унчукпайт.

Менин пикирим мындай: «Жүрөк канчалык тез соксо ошончолук тездик менен кыймылдоого эмнеге болбосун? Кедей адамдар ийгиликсиз оор жашоого бир эле нерсенин айынан чыдай алышат. Алардын өмүрү жакшы жашоону күтүү менен өтөт. Мына ошонун негизинде гана жашайт.

Ошондо сиз кимсиз? Чечим сизде! – дейт дүйнөнүн эң бай инсандарынын бири Джек Ма.

Кызыгы, Джек Манын айткан сөздөрүнүн 95% кыргыздардын учурдагы абалына тийиштүү сыяктуу. 1940-1945-жылдардан кийин дагы адамдар тойгонуна топук кылып жашаса, азыр адамдарга заманбап жашоого жеткен сайын нааразы болгондор көбөйдү.

Карапайым англис тил мугалиминен техникалык магнатка чейин жеткен Джек Ма өз бизнесин 1999-жылы баштаган. Дүйнө жүзүнө таанымал болгон Ма кызматтан кеткенден кийин кайрымдуулук иштерине көбүрөөк көңүл бураарын айтканы бар.

Джек Ма деген ат менен белгилүү болгон Ма Юн кытайлык ишкер жана Alibaba Group'тун негиздөөчүсү. Forbes журналынын мукабасында көрсөтүлгөн материктик Кытайдан келген биринчи бизнесмен. 2021-жылдын апрелинин ортосуна карата Bloomberg ишкердин байлыгын 51,5 миллиард доллар деп баалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости