www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек тургундарына, компания жана дүкөндөргө айып салынды

Бишкек шаарынын аймагын жашылдандыруу, жакшыртуу жана санитардык абалын жакшыртуу максатындагы текшерүү иштери жүрүп жатат. Мэриянын маалыматы боюнча, шаардын аймагын жашылдандыруу жана санитардык абалын жакшыртуу максатындагы текшерүүнүн алкагында эреже бузган тараптар аныкталды.

Укук бузуулар кодексинин 114-беренесинин негизинде 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айыпка жыгылган тараптар:

- Дордой конушундагы кампа;

- «Менделеев» бары (Чүй проспектиси №140);

- Алтымышев көчөсүнүн жашоочусу Ж.Осмоналиева;

- Абдрахманов көчөсүнүн №119 дарегиндеги акча алмаштыруу пункту;

- «Любимый» дүкөнү (Ахунбаев №110);

- Пушкин көчөсүнүн жашоочусу Э.Сарпашева;

- «Саян Фарм» компаниясы (Л.Толстой №148/2);

- «Нурстан» компаниясы (Скрябин №76).

Асанбаев көчөсүндөгү курулмага зыян келтирилгени үчүн «BSK Capital» компаниясына 17 миң сом айып салынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости