www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун авторитардык жетекчиси Александр Лукашенко орусиялык теле алып баруучу Владимир Соловьевго берген интервьюсунда Украина келечекте Орусия менен Беларустун союздук мамлекетине кошулушу мүмкүн экенин айтты.

Лукашенко Орусиянын "газын, мунайын жана рыногун" белгилеп, "көз карандысыздык" деген түшүнүк "салыштырмалуу" экенин билдирген.

Теле алып баруучунун союздук мамлекеттин келечегин 10-15-жылдан кийин кандай көрөсүз деген суроосуна Александр Лукашенко: "Беларус эми ал жакта экенин билесиңер. Казакстан үчүн болсо жакшы сабак болду деп ойлойм. Эгер 15 жылдан кийин кандай болот десеңер, эгер биз ката кетирбесек, Украина да ошол жакта болот деп ишенем", деп жооп берди.

Өткөн айда Лукашенко Казакстандагы январь окуяларын Беларус үчүн "дагы бир сабак" деп атаган.

Орусия менен Беларустун союздук мамлекети – мамлекеттик эмес түзүм. Аны түзүү жөнүндө келишимге Александр Лукашенко 1999-жылы 8-декбарда Орусиянын ошол кездеги президенти Борис Ельцин менен кол койгон. Документ бирдиктүү парламент, жалпы валюта, мыйзамдардын жана мамлекеттик символикалардын бир түрдүүлүгүн камтыйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости